Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде коронавирус оорусу адамдар көп чогулган жерлерде таркалуусу кооптуу болгонуна байланыштуу, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тиешелүү бир нече чечимдерди кабыл алды.
Муфтияттын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мечиттер жабылбайт, бирок жума намаздары убактылуу токтотулат.
1. Кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча окулсун.
2. Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окула берет.
3. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн