Бишкек шаарындагы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 7 ординатору учурда Ысык-Көл облусундагы ар түрдүү курорттук ден соолукту чыңдоочу мекемелеринде иштеп жатышат.
Медакадемиянын маалыматына караганда, алар пансионаттардын медициналык кызматкерлери менен биргеликте жайкы сезондо санитардык иштерди жүргүзүп жатышат. Болочок дарыгерлер алдын ала окутуудан өткөрүлгөң соң, Ысык-Көл облусуна жиберилген.
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 503 адамдан аныкталды. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 81 адам коронавирус инфекциясына кабылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн