Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:27
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Медер Алиев: Биз өнүгүүнү кааласак сөз эркиндигин бекем карманышыбыз керек

29.09.2022 12:56
597
Медер Алиев: Биз өнүгүүнү кааласак сөз эркиндигин бекем карманышыбыз керек

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев сөз эркиндигинин принциптерин бекем карманууга чакырды.


Депутат өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына, камактагы журналисттер, блогерлердин маселесине токтолду.


"Сөз эркиндиги болбогон коом тыңдап өнүгө албайт. Мен кечээ Болот Темировго чыгарылган сот чечимин абдан жылуу кабыл алдым. Сот чечими адилет, орундуу болду, Бийлик органдары, айрыкча күч түзүмдөрү жазалоо, айыптоо ыкмаларынан кетиши керек. Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиев, Таалай Дүйшөмбиев жана башкалар эч качан коррупционер болгон эмес. Ооба, алар балким кайсы бир ойлонуштурулбаган эмоционалык нерселерди жасашкандыр. Бирок бул жагдай аларды дароо түрмөгө отургузууга негиз болбойт деп эсептейм. Эгер биз өнүккүбүз келсе сөз эркиндиги өңдүү принциптерди бекем карманышыбыз керек",-деди Алиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн