Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Медер Алиев: Биздеги сот системасы менен өлүм жазасын киргизсек, көптөгөн бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себеп болуп калабыз

07.09.2022 13:31
1309
Медер Алиев: Биздеги сот системасы менен өлүм жазасын киргизсек, көптөгөн бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себеп болуп калабыз

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев педофилдерге карата өлүм жазасын эмес, өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштады.


Анын айтымында, Кыргызстандагы сот системасы өлүм жазасын киргизүүгө жарабайт. Анткени соттор "кристаллдай" таза эмес.


"Дүйнөлүк практиканы алсак өлүм жазасын киргизүү менен кылмыштын саны азайган эмес. Тескерисинче АКШда өспүрүм кызды өлтүрдү делген Жорж аттуу бала өлүм жазасына тартылган. Бирок кийин кылмышкер башка адам болуп чыккан.


Ошондуктан өлүм жазасын азыркы учурда Кыргызстанда киргизүү туура эмес. Анын ордуна педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу керек ",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн