Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитетинде Жанар Акаев "Дастан" ишканасынын мурдагы директору Алексей Ширшов боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.
Жыйындын жүрүшүндө комитет төрагасы Медер Алиев Ширшовдун ууру экенин айтты.
"Ширшов - ууру. Депутат бул саясий фигура. Мындай маселелер бул жерде талкууланбаганда кайсы жерде талкууланат?
Айрым депутаттар Ширшовду коргоп жатышат. Аны коргогонду токтоткула",- деди Алиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн