Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев коомчулукка кайрылып, калп маалымат таратпоого чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, анын жалган ушактарга жооп бергенге убактысы жок.
"Менде калп, жалган ушактарга жооп бергенге убакыт жок.
Мурдагы видеолорду монтаждап, эми алып чыгып мени каралгандын кереги жок. Мен ишенип шайлаган элим үчүн иштешим керек",- деп билдирди Алиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн