Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Медербек Алиев, ЖК депутаты: “Азыр баңгизат бизнеси киберкылмыштардын катарына кирип калды”

25.12.2023 17:57
1307
Медербек Алиев, ЖК депутаты: “Азыр баңгизат бизнеси киберкылмыштардын катарына кирип калды”


- Медербек Кубанычевич, бүгүн баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда, сиз бул багытта күрөштү күчөтүү зарылдыгын айттыңыз. Азыркы деңгээли сизди канааттандырбайбы?


- Азыр баңгизат бизнеси, тилекке каршы, киберкылмыштардын катарына кирип калды. Булар криптовалютаны да колдонушуп, баңгизаттарды жаштардын арасына кенен жайылтышууда. Муну менен бүгүн биз күрөшпөсөк болбойт. Жабыркаган ата-энелер, алардын туугандары менен сүйлөшүп көрүп, жүрөгүң эзилет, жаның кейийт. Ушунчалык жаш өмүрлөр талкаланып жатат. Ошон үчүн укук коргоо органдары, анын ичинде ИИМ бул багытта өзүнүн профессионалдуу деңгээлин көрсөтүп, XXI кылымдын чакырыктарына жооп бере турган адистерди даярдашы керек. Анткени, азыр кылмышкерлер да өнүгүп, прогрессивдүү болуп кетишкен. Аларды кармоо оңойго турбай жатат. 


- Кандай дейсиз, баңгизат колдонгон адам оорулуубу, же кылмышкерби?


- Муну бир тараптуу айтууга болбойт. Медалдын эки бети бар. Жаштыкка алдырып, жашоонун кандайдыр бир оор жагдайына туш болуп, жандүйнөсү чачырап, өзүн жоготкон адам мүмкүн, туура эмес чөйрөгө кирип калып, ошону менен баңгизаттарга көз каранды болуп калгандыр. Ал кылмышкердин катарына кирбейт. Ал эми баңгизаттарды сактап, таратып, саткандар сөзсүз түрдө кылмышкерлердин категориясына кирет. 


- Акыркы кездерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү да баңгизат бизнесине аралашкан учурлар боло калууда. Буга кандай карайсыз?


- Жогоруда айтканымдай, медалдын эки тарабы бар эмеспи. Укук коргоо кызматкерлеринин арасында өз мундирине татыктуу, таза, адилеттүү иштеген офицерлер аз эмес. Бирок, кой терисин жамынган, “оборотни в погонах” да бар. Ошондойлор бүт ИИМ системасына көө жаап жатат. Андай кишилер укук коргоо органдарынын курамында болбоого тийиш. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн