Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:51
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Медербек Алиев, ЖК депутаты: “Рецеби жок дары саткан аптекаларды жабалы”

05.02.2024 09:27
291
Медербек Алиев, ЖК депутаты: “Рецеби жок дары саткан аптекаларды жабалы”


- Медербек Кубанычевич, Жогорку Кеңеш бүгүн наркотикалык жана психотроптук заттарды мыйзамсыз айлантууга каршы чаралар жөнүндө токтомду кабыл алды. Бул токтом эмне берет? 


- Азыр жаштар арасында аптекалык наркомания аябай күч алды. Мурда бул илдетке бай, же тескерисинче, тарбиясы начар үй-бүлөлөрдүн балдары кабылса, баңгизаттарды алар жашыруун бирөөлөрдөн сатып алышса, азыр интернет аркылуу эле алганга шарт түзүлүп калды. Мындайча айтканда, алыш жеңил. Азыр бул көп билинбей жатат, бирок бара-бара биз бир муунду жоготуп алышыбыз мүмкүн. Анткени, синтетикалык баңгизатка “отурган” адам – ал жоголгон адам. Адистердин айтымында, героинди 20 жыл колдонгон адамды айыктырып, кайра нормалдуу жашоого кайтарса болот экен. Ал эми синтетикалык баңгизат колдонгонду айыктырыш кыйын. Токтомдун максаты: ошондой интернет дүкөндөргө өз убагында бөгөт коюу, аптекалардан өспүрүмдөргө күчтүү психотроптук таасир этүүчү дарыларды рецеби жок бербөө. Журналисттик иликтөөнү өзүңүздөр деле көрдүңүздөр да, канчалаган аптекалар андай дарыларды эч кандай рецеби жок эле сатышат. Анан аптекалардагы күчтүү таасир этүүчү дары-дармектер актуалдаштырылышы керек. Себеби, кылмышкерлер деле бир орунда турбайт да. Ошондуктан, чет өлкөдөн келип аткан дарыларды ай сайын актуалдаштырып туруу зарыл.


- “Аптекалардан рецеби жок бербеш керек” дебедиңизби. Азыр аптекалар аябай көп, алардын баарын кантип көзөмөлдөйбүз?


- Мен жакында бир мыйзам долбоорун демилегелегени жатам. Ага ылайык, кайсы аптека рецеби жок дары сата турган болсо, лицензиясы алынып, саткан киши кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Көзөмөлдөй турган органдар да бар: ИИМ менен саламаттык сактоо министрлиги. Тилекке каршы, тийешелүү мекемелер бир жылдын ичинде “жаш балдарга рецеби жок саткансыңар” деп алты гана аптекага айып пул салыптыр. Алты эмес, жүздөгөн аптеканы жабыш керек. Аптека ээлери – булар чоң бизнесмендер. Акча бар жерде өзүңүз билесиз, акыйкат ыйлап, четке чыгып калат. Ошон үчүн үч-беш аптеканын лицензиясын алып, кайра ишкердик кыла албай тургандай кылып жаап, сатуучуну кылмыш жопкерчилигине тартып койсок, биз канчалаган жаш балдарды баңгиликтен, уурулук, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштардан сактап калган болот элек. 


Мурда союз убагында аракечтерди милдеттүү түрдө дарылоочу реабилитациялык борборлор болчу эле. Азыр андай мамлекеттик борборлор жок. Бүт менчик. Баңзатка чалдыккан адам деле биздин жараныбыз да. “Баңгисиң” деп эле аны көчөгө таштап салган туура эмес. Ырас, ал тузакка түштүбү, биротоло кылмышкерге айланып кетпеси үчүн аны мамлекеттик реабилитациялык борборго жиберүү керек. Менчик борборлор 3 миң доллардан өйдө экен. Колунда жок киши ага бара албайт. Натыйжада ал кайра доза табыш үчүн дагы кылмышка барат. Жыйынтыктап айтканда, жалпы концепция иштеп чыгып, ошонун үстүндө иш алпаруу зарыл. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн