Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 19:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Медиктер 200 миң сом үчүн атайын коронавируска чалдыгып жатабы? Вице-премьердин жообу

23.06.2020 16:42
946
Медиктер 200 миң сом үчүн атайын коронавируска чалдыгып жатабы? Вице-премьердин жообу


Дарыгерлер акчалай компенсация алуу үчүн коронавирус инфекциясына атайын чалдыгып жатышат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу  вице-премьер-министр Аида Исмаилова 23-июндагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, социалдык тармактарда ар кандай маалыматтар тарап, алардын арасында медициналык кызматкерлер 200 миң сом өлчөмүндө  каражат алуу үчүн атайын коронавирус менен ооруп жатышат дегендер дагы болууда. 


"Бүгүнкү күндө ар бир коронавирус жуктурган медициналык кызматкер кылдат текшерүүдөн өтөт.  Атайын жуктурган учурлар катталган жок. Андыктан, такталбаган маалыматты таратуу туура эмес. Мындай куру айыптоолор дарыгерлердин жумушун жокко чыгарууда. Бул абдан өкүнүчтүү", - деди Аида Исмаилова. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн