Буга чейин дарыгерлер коронавирус менен күрөшүп келишсе, эми аны менен бирге пневмония менен дагы күрөшүп жатышат. Бул тууралуу Кубатбек Боронов 2-июлдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда COVID-19га карата алынган анализдеринде коронавирус аныкталбаганы менен алардан пневмония аныкталып жатат. Алардын белгилери коронавируска окшош болууда.
"Учурда ооруканаларда коронавирус аныкталбаган бирок пневмония менен жабыркагандар дарыланып жатат. Учурда бизге жасалма дем алдыруучу аппараттарга караганда кислороддук концентраторлорго муктаждык байкалууда", - деди премьер-министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн