Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:23
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Медиктердин компенсациялык төлөмдөрүн кечиктирген Сокулуктун акимине сөгүш жарыяланды

13.08.2020 10:37
881
Медиктердин компенсациялык төлөмдөрүн кечиктирген Сокулуктун акимине сөгүш жарыяланды

 

Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

 

Сокулук районунун акимине өзүнүн кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы жана Республикалык ыкчам штабдын чечимдеринин аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш жарыяланган, аталган кемчиликтин натыйжасында Сокулук районунун COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптары менен иш алып барган медициналык кызматкерлердин тийиштүү компенсациялык төлөмдөрүнүн кармалышы келип чыккан.

 

Мындан мурда премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында медициналык кызматкерлерге тийиштүү кошумча төлөмдөрдүн кармалуусу тууралуу маселени карап чыгып, ага жол берген жооптуу жактарга карата тартиптик жаза иретинде чара кабыл алуу маселесин тапшырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн