Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Медиктерге 255,2 млн сом компенсация төлөнөт

12.08.2021 10:29
556
Медиктерге 255,2 млн сом компенсация төлөнөт

Июль айында медициналык жардам көрсөтүүгө 15606 медициналык кызматкер тартылган. Бул тууралуу Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фонду билдирди.


"Июль айында медициналык жардам көрсөтүүгө 15606 медициналык кызматкер тартылган, анын ичинде 3341 врач, 6436 медайым, 2211 санитарка жана 3618 башка персонал", - деди ММК фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Оскомбаева. 


Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 255,2 млн сомду (255 234 855 сом) түздү, анын ичинде:


 Бишкек шаарына – 118,9 млн сом;

 Ош шаары жана Ош облусуна – 38,1 млн сом;

Баткен облусуна - 9,8 млн сом; 

 Жалал-Абад облусуна –21,1 млн сом;

 Ысык-Көл облусуна – 17,0 млн сом;

 Нарын облусуна -6,6 млн сом;

 Талас облусуна - 5,9 млн сом;

 Чүй облусуна – 37,9 млн сом.


Бул каражаттар саламаттык сактоо уюмдарына ушул жуманын аягына чейин которулат.


???????? COVID-19: Республикалык штаб

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бурул Рысмендеева
Жети-Огуз районун Кызыл Суу айылынын медиктерине 2020 жылдын наябрь айынан баштап ушул кунго чейин кампенсация толоно елек