Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Медиктерге август айы үчүн кенемте төлөнө баштады. Жалпы суммасы 269,2 млн сом

10.09.2020 10:02
954
Медиктерге август айы үчүн кенемте төлөнө баштады. Жалпы суммасы 269,2 млн сом


Медицина кызматкерлерине август айы үчүн кошумча төлөмдөр берилүүдө. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген 15 миң 785 медицина кызматкери үчүн төлөмдүн жалпы суммасы 269 млн 200 миң сомду түзгөн.


Анын ичинен;

- Бишкек шаары боюнча - 63 млн 374 200 сом;

- Чүй облусу боюнча - 29 млн 874 500 сом;

- Ош облусу боюнчаа - 62 млн 550 700 сом;

- Баткен облусу боюнча - 19 млн 686 700 сом;

- Жалал-Абад облусу боюнча - 37 млн 272 900 сом;

- Ысык-Көл облусу боюнча - 29 млн 710 900 сом;

- Нарын облусу боюнча - 15 млн 605 100 сом;

- Талас облусу боюнча - 10 млн 814 400 сом.

Эске сала кетсек, КР өкмөтү коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тартылган медиктердин компенсациялык төлөмдөрү үчүн 2020-жылдын аягына чейин республикалык бюджеттен кошумча 640 млн сом бөлгөн. ММКФга 540 млн сом, Саламаттык сактоо министрлигине 100 млн сом.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн