Медициналык кызматкерлерге июль айы үчүн 430 млн сом компенсация жана кошумча төлөм төлөнүп берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин каржы башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев 3-августагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, март айынан бери медицина кызматкерлерине 807,2 млн сом кошумча төлөм төлөндү.
"Март айы үчүн 37,7 млн сом, апрель айында 111,1 млн сом, май айы үчүн 110,1 млн сом, июнда 118,3 млн сом жана июль айы үчүн 430 млн сом төлөнүп берилди", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн