Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:41
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Медиктерге кепилденген төлөмдөр убагында берилбесе жетекчилик жоопкерчилик тартат

31.07.2020 15:34
1100
Медиктерге кепилденген төлөмдөр убагында берилбесе жетекчилик жоопкерчилик тартат

Эгерде жеке коргонуу каражаттары жөн гана кампада сакталып же кепилденген төлөмдөр убагында берилбесе, саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги жоопкерчилик тартат, деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.


Анын айтымында, күн сайын ар бир региондун ооруканаларында, медицина мекемелеринде жеке коргонуучу каражаттарынын жетишсиздиги жана калдыктары тууралуу өкмөт маалыматтарды алып турат.


“Ошого жараша бул жактан жеке коргонуучу каражаттар жиберилет. Бул боюнча атайын мониторинг жүргүзүлөт. Ошондой эле медициналык кызматкерлердин төлөмдөрү чегерилип, бирок убагында төлөнбөсө, ошол медициналык мекеменин жетекчилиги өздөрү жоопкерчилик алышат”, - деп билдирди Исмаилова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн