Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары (юстиция министри) Аяз Баетов медиктерге "чай пул" алууга уруксат берүүнү сунуштады.
Ал демилге тууралуу мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынында түшүндүрмө берген.
"Официантка "чай пул" берилсе жакшы, ал эми дарыгерге берилсе пара болуп эсептелет. Бул туура эмес! Биз мекеме аралык комиссиянын кароосуна “ыктыярдуу төлөм” түшүнүгүн киргизип жатабыз. Муну менен катар, "ыктыярдуу төлөм" сөзсүз касса аркылуу өтүп, акча агымы санариптик көзөмөлдө болушу керек", — деди Баетов.
Мындай сунуш аймактардагы ооруканаларда медиктер жетишсиз жана милдеттүү төлөмдөрдүн процедуралары татаал болгондуктан киргизилгени айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн