Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында республикалык ыкчам штабдын жыйыны өттү, деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.
Жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришти.
Бүгүнкү күнү
республика боюнча 42 жаңы учур аныкталды, жалпы 270 учур ырасталган.
Белгиленгендей, коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Инфекция чыккан жерлерди дезинфекциялоо боюнча күчөтүлгөн иштер да уланууда.
Штабдын жыйынында
коронавирус менен ооругандарды дарылоо жайларында иштеген медицина
кызматкерлерин жетишсиз камсыздоо боюнча маселе көтөрүлдү.
«Бүгүнкү күнү 30дан ашуун медициналык кызматкерге коронавирус жуккан. Бул кайталанууга болбой турган кейиштүү учурлар. Дагы бир ирет кайталап кетсем, ишке тартылган бардык медицина кызматкерлери коргоо кийимдери жана өздүк коргонуу каражаттары менен максималдуу түрдө корголушу керек. Бул биринчи кезекте дарыгерлерге жана башка медицина кызматчыларына, ошондой эле бир катар кызматтардын өкүлдөрүнө тийиштүү. Ушул маселе боюнча кемчилдиктерди кетирген жооптуу адамдар жазаланат. Медициналык мекемелерде бардык бекитилген эрежелер катуу сакталууга тийиш, медиктерге вирус жуккан фактылар мындан ары болбошу керек», - деди Кубатбек Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн