Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 18:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Медицина факультетин бүткөн президенттин кызы эмнеге оорулууларды дарылабайт?, - Президенттин жообу

25.07.2020 15:52
1074
Медицина факультетин бүткөн президенттин кызы эмнеге оорулууларды дарылабайт?, - Президенттин жообу

 

Бүгүн, 25-июлда президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек берип жатып, үй-бүлөсүнө байланыштуу суроого жооп берди.


Мамлекет башчысынын айтымында, кызы Бактыгүл Жээнбекова Славян университетинин финансы факультетин бүткөн жана ал медик эмес.


“Кудайга шүгүр, жакында эле экинчи уулдуу болуп, азыр балдары менен үйдө. Менин жубайым илгертен баштап эле, көп жылдар болду, мүмкүнчүлүккө жараша кайрымдуулук ишин жасап келет. Бирок, кайда, кимге берет, алган кишилер дагы ал кишинин жардам берип жатканын билбейт. Баягы «оң колуң бергенди сол колуң билбесин» деген принцип менен иштеп келе жатат. Азыр деле үй-бүлөбүздүн мүмкүнчүлүгүнө жараша ошол кайрымдуулук иштерди улантат.


Ал эми кызым, элибизде айтмакчы, чыккан кыз — чийден тышкары дегендей, өз үй-бүлөсү менен алек. Күйөө балам экөө ушул пандемия башталгандан бери, апрель айынан башташкан экен, муктаждарга, дарыгерлерге тамак-аш, дары-дармек таратып, колунан келген жардамын берип жатабыз дешти.


Кыз бала ата-энеге өзгөчө күйүмдүү болот экен. Айрыкча мага абдан күйөт, терс таасирин тийгизип албайын деп өзүн көп нерседен чектейт. Ал кайрымдуулук иштерин деле тынч улантып жатышат. Аны токтотпойт деп ойлойм”, - деген Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Султан Абишев
Курсташым Бактыгүл Жээнбекова бой которбогон жонокой жакшы кыз. ден соолук каалайм.