Чын курандын 02, 2025
Убакыт: 11:42
USD
86.60
87.10
EUR
93.40
94.40
RUB
1.015
1.050

Медицина илимдеринин кандидаты, хирург Эрмек Носинов 46 жашында каза болду

20.07.2020 09:16
3661
Медицина илимдеринин кандидаты, хирург Эрмек Носинов 46 жашында каза болду


Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө медицина илимдеринин кандидаты, доцент Эрмек Носинов каза болду. Ал 19-июлда 46 жаш курагында дүйнө салды. 


Эрмек Носинов 1974-жылы Аламүдүн районундагы Карл Маркс совхозунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн, Улуттук госпиталдын Ахунбаев атындагы клиникасынын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн базасында жалпы хирургия бөлүмүндө клиникалык ординатурасын аяктаган.


2016-жылдан тартып доцент, Кыргыз-Россия университетинин жалпы жана факультеттик хирургия кафедрасынын башчысы, 2018-жылы Эл аралык медициналык жогорку мектебинин хирургия кафедрасынын доценти болгон. Ошондой эле чет элдик студенттерге сабак бере баштаган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн