Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

УКМК: Жалган маалымат таратып жаткан дарыгер кармалды

30.03.2020 09:07
777
УКМК: Жалган маалымат таратып жаткан дарыгер кармалды

 

Чүй областынын Сокулук районунун Үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун директорунун орун басары Е.Бондаренконун кызы Виктория Шамрай социалдык тармак аркылуу жалган маалымат таркаткан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Виктория Шамрай “Facebook” жана “WhatsApp” аркылуу медициналык каражаттар жана атайын кийимдер жетишсиз деген фейк маалымат таркатканы аныкталган.


Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат таратканы үчүн кечирим сурашкан.


Ошондой эле маалыматта Шамрайдын мындай аракеттерине юридикалык баа берилери айтылат.


УКМК жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн