Бугу 06, 2024
Убакыт: 07:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Медицина кызматкерлери аларды эмдөөдөн өтүүгө мажбурлап жатканына нааразы

21.04.2021 11:07
825
Медицина кызматкерлери аларды эмдөөдөн өтүүгө мажбурлап жатканына нааразы


Кээ биринде антитела сакталып калганына карабай, медиктерди Covid-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өтүүгө мажбурлап жатат. Бул адамдын саламаттыгына кандай таасир этиши мүмкүн экени эч кимди ойлондурган жок. Каршы болгон учурда “кызыл зонага” жибербейбиз деп коркутуп жатат. Бирок медиктер үчүн бул кошумча төлөм, бир аз ашыкча иштеп алуунун жалгыз жолу болчу, деп билдиришти Чүй облусунун Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасында иштеген дарыгерлер. Алар аттарын атоону каалашкан жок.


Алар белгилешкендей, а бирок өткөн жылы пандемия катуу болуп жатканда эч кандай эмдөөдөн өткөрбөй туруп, “кызыл зонага” мажбурлап жиберишкен.


“Кандай каалашса, бизди ошондой колдонушууда. Ооруп атканыбызга карабай, иштетүүгө мажбурлашкан, керек болсо “больничный” дагы беришкен эмес. Азыр болсо эмдөөдөн өтөсүңөр деп жатат. Бирок өкмөт дагы, Саламаттыкты сактоо жана саоциалдык өнүктүрүү министрлиги дагы эмдөө өз ыктыяры менен жүрөт деп билдиришкен эле. Ал эми “кызыл зонага” өз кишилерин же болбосо акча иштеп алууну каалаган гана дарыгерлерди өткөрүп жатат. А башкаларды 24-апрелге чейин эмдөөдөн өтүш керектигин мажбурлап жатышат. Бирок көпчүлүк медиктер кайрадан ооруп чыгышты, себеби аларда антитела бар да. Президентке, премьер-министрге алардын антителасы бар үчүн эмдөөгө болбойт, а медиктердин ден соолугун тобокелчиликке салууга болот бекен? Бул мыйзамдуу жана акыйткапы?”, - деп нааразы болушту алар.


Муну менен катар медиктер редакцияга Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө ооруканасынын дарегине таандык үн жаздыруу жиберишкен. Анда чындыгында жетекчилик тараптап бардык медицина кызматкерлери эмдөөдөн өтүш керектигин көзөмөлгө алуу тууралуу айтылган.

24-апрель - акыркы күн. Ким "кызыл зонада" иштегиси келсе, милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүш керек деген буйрук келди. Ким өтпөсө кадимки режимде иштейт деген”, - деп айтылат үн жаздырууда.

Дарыгерлердин айтымында, эмдөө кайсы учурда керек, кайсы учурда керек эместигин жакшы түшүнүшөт.

“Бирок мунун баары “кызыл зонада” иштетпөө жана кийин ооруган медиктерге компенсация төлөп бербей коюу үчүн жасалып жаткан аракет”, - деп кошумчалашты арыздануучулар.

Булак: vb.kg сайты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Маткеримов махабат
Мен кошулам бизди да дал ушул картина .