Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун медициналык кызматкерлери үймө-үй кыдырып, иш алып барышат. Бул тууралуу 5-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Бүгүнкү күндө Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун медициналык кызматкерлери үймө-үй кыдырып, иш алып барышат. Мындан улам, бардык жарандардан аларды түшүнүү менен кабыл алып, маалыматты жашырбоону суранабыз. Дагы бир жолу кайталайбыз, калк арасында коронавирустун симптомдору билинбей өтүп жаткан учурлары бар. Симптомдору билинбеген жарандар вирустун массалык түрдө таралышынын булагы болуп, коркунуч жаратат",- деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн