Бугу 07, 2024
Убакыт: 13:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Медицина кызматкерлерине июль айында 396 млн 60 миң сом компенсация төлөндү

30.07.2020 12:37
1715
Медицина кызматкерлерине июль айында 396 млн 60 миң сом компенсация төлөндү


Ушул жылдын июль айына карата медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн сом жана өкмөткө караштуу ММК фондуна 400,0 млн сом бөлүндү.  Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, бул бөлүнгөн каражаттын ичинен 29-июль күнү саламаттыкты сактоо уюмдарына 225 млн сом төлөнүп берилди, анын ичинде:


- Бишкек шаары— 58733,8 миң сом;

- Чүй облусу — 37278,7 миң сом;

- Ош облусу жана Ош ш.— 34110,8 миң сом;

- Баткен облусу — 13054,9 миң сом;

- Жалал-Абад облусу – 28871,0 миң сом;

- Нарын облусу — 14904,8 миң сом;

- Ысык-Көл облусу — 24879,2 миң сом;

- Талас облусу — 13165,9 миң сом.


Бул сумма саламаттык сактоо уюмдарынын болжолдуу эсептөөлөрүнө жараша төлөнүп берилди, компенсациялык төлөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык табелдер жана саламаттык сактоо уюмдарынын эсептешүү ведомосттору даярдалган эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул зарыл болгон сумманын 55-60% түзөт.


30-июлда саламаттык сактоо уюмдарына инфекциянын очокторунда иштеген медицина кызматкерлерине бардык төлөмдөрдү ыкчам жана толук төлөө үчүн дагы 171, 6 млн сом төлөп берүү пландалууда. Кошумча төлөмдөрдү өлкө боюнча 14 миңге жакын медициналык кызматкерлер алышат. 


Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген 230 саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине июль айында Социалдык фондго кепилденген айлык маянадан жана чегерүүлөрдөн 851,7 млн сом өлчөмүндө каражат төлөндү.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн