Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Медицина кызматкерлерине төлөнүүчү компенсациялардын көлөмүн белгилеген мыйзамга кол коюлду

29.06.2020 15:20
1204
Медицина кызматкерлерине төлөнүүчү компенсациялардын көлөмүн белгилеген мыйзамга кол коюлду


Президент Сооронбай Жээнбеков “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 2020-жылдын 21-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам саламаттыкты сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын медициналык кызматкерлерине, анын ичинде өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген учурларда кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө максатында иштелип чыкккан.

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзам 11-1-беренеси менен толукталып, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шаттарында саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган медицина кызматкерлерин жашаган жеринен алардын иштеген жерине чейин жана кайра унаа менен жеткирүүнү уюштурууга, саламаттыкты сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин өзүлөрүнүн кесиптик милдеттерин коопсуз жүзөгө ашыруу үчүн зарыл жеке коргонуучу каражаттар менен зарыл көлөмдө камсыз кылууга жана талаптагыдай эмгек шарттары менен камсыз кылууга милдеттендирилген.

Бул берене менен кризистик кырдаалдан келип чыккан өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан жана өз ден соолугуна залал келтирүүнүн жогорку тобокелдигине дуушар болгон саламаттыкты сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерине өкмөт тарабынан аныкталган, бирок ээлеп турган кызмат орду боюнча 4 маянадан кем эмес компенсация төлөнөөрү каралууда.

Өзүнүн кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан медицина кызматкерлерине оор жумуштар жана зыяндуу жана оор эмгек шарттары менен иштөө режими белгиленет, ошондой эле өкмөт тарабынан аныкталган, бирок ээлеп турган кызмат орду боюнча 10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

Медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда алган оорунун кесепетинен каза болгон учурда, анын үй-бүлөсүнө жабыр тарткандын 20 орточо жылдык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

Эгерде медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда ал үчүн андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн же болбосо көрсөтүлгөн жагдайларда ооруларга чалдыккандан кийин 1 жыл өткөнгө чейин жокко чыгарган ооруларга чалдыкканда, ага бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

Ошондой эле бир жолку акчалай жөлөкпулдардын суммалары саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөөрү белгиленген.

Кабыл алынган мыйзамдын 11-1 беренесинин жоболорунда жеке жана аралаш менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине, эгерде алар ушундай шарттарда ишке тартылган болсо толук колдонулат деп каралган.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзам менен «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» КР мыйзамынын 14-беренесине түзөтүүлөр киргизилүүдө. Анда саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары өз каражаттарынын эсебинен медицина кызматкерлерине кесиптик ишине байланыштуу эмдөөгө, оорулардан дарыланууга кеткен чыгымдарын мыйзамдарда аныкталган өлчөмдө төлөйт, ошондой эле мезгилдүү милдеттүү медициналык кароолорду өткөрүүнү камсыз кылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн