Медицина кызматкерлерине төлөнүүчү компенсацияларга
жалпысынан 477,4 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек
Боронов 28-июлдагы брифингде билдирди.
“Айлык акысынан тышкары медицина кызматкерлерине төлөнүүчү компенсацияларга
жалпысынан 477,4 миллион сом жумшалды. Алар Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 51,8 миллион сом, ММК Фондунан 425,6 миллион сом төлөнүп берилген. Ал эми июль
айы үчүн – 234 миллион сом компенсациялык төлөмгө жумшалат”, - деди өкмөт
башчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн