И. Ахунбаев атындагы Медициналык академия бюджеттик орундардын санын көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу академиянын ректору Индира Кудайбергенова парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда студенттер үчүн бөлүнгөн бюджеттик орундардын саны 250–300 квотаны түзөт.
“Биз бюджеттик орундардын санын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Бирок, канчага көбөйөрүн так айта албайм, анткени Саламаттык сактоо министрлиги өз макулдугун бериши керек. Бирок президенттин жарлыгы менен биз аларды өз алдынча да көбөйтө алабыз. Алдыда бул маселени чечебиз”,- деди ал.
Ошондой эле жыйында депутат Нилуфар Акимжанова өлкөнүн бардык бурчтарынан ага жаштар кайрылып, контракт жана студенттер үчүн жатакана маселесин чечип берүүнү суранышарын белгиледи.
“Алар келечектеги дарыгерлер. Андыктан, бул жаш адистер үчүн шарт түзүү маселесин чечип берүү зарыл. Азыр алар борбордо айына 40–45 миң сомдон төлөп батирге чыгууга мажбур болушууда. Бул алар үчүн абдан оор. Медик-студенттер абдан көп. Бүгүн өлкөдө студенттер мамлекеттин камкордугусуз калды”,-деп белгиледи ал.
Кудайбергенова белгилегендей, Медакадемиянын 10 жатаканасы бар, бирок бул дагы жетишсиз.
“Биз министрликтен бизге бир имарат бөлүп берүүнү суранганбыз. Ошол тийип калса өзбүз оңдоп-түзөп алабыз”,-деди ректор.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн