Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Медициналык багыт боюнча кошумча бюджеттик орундар кайсыл ЖОЖдорго бөлүндү?

21.08.2020 14:45
858
Медициналык багыт боюнча кошумча бюджеттик орундар кайсыл ЖОЖдорго бөлүндү?


Билим берүү жана илим министрлиги медициналык багыт боюнча билим алуучулар үчүн кошумча 90 гранттык орун бөлдү. Өкмөттүн мындай токтому пандемия шартындагы медициналык адистиктерге болгон муктаждыкты эске алуу менен кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басм сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков волонтердук кыймылдардын лидерлери жана активисттери менен жолугушуусунун кийин, Билим берүү жана илим министрлигине эпидемиолог, инфекционист, вирусолог жана реаниматолог медициналык адистиктери боюнча кошумча гранттык орундарды кароо тапшырмасын берген.


90 гранттык орун:


  • “Дарылоо иши” адистиги – 70

  • “Медициналык-профилактикалык иш” адистиги – 20

 

Гранттык орундар бөлүнгөн ЖОЖдор:


  • - Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. “Дарылоо иши” адистиги – 30, “Медициналык-профилактикалык иш” адистиги – 10.

  • - Кыргыз-Россия славян университети. “Дарылоо иши” адистиги – 20.

  • - Ош мамлекеттик университети. “Дарылоо иши” адистиги – 20, “Медициналык-профилактикалык иш” адистиги – 10.


Кошумча гранттык орундар эпидемиолог, инфекционист, пульмонолог, вирусолог, реаниматолог адистиктерге бөлүндү: Бул студенттер бакалаврды аяктаган соң жогорудагы багыт боюна ординатурада окуусун улантышы керек.


Кошумча гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн өтчү кошумча тур 22-августтан 26-августка чейин болот. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн