Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулаткан учурлар дагы деле катталууда

25.07.2020 08:21
1027
Медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулаткан учурлар дагы деле катталууда


Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, айрым дарыканалар медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулаткан учурлары дагы эле катталып жатканы айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Өкмөт мамлекеттик сатып алуулар аркылуу учурда зарыл болуп турган дарыларды алып келүүдө. Мындан тышкары фармацевтикалык компаниялардын медициналык каражаттарды алып келүүсү үчүн шарттар түзүлүп берилип, алар бул багыттагы иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Маалыматтарга караганда, айрым дарыканалар алып-сатарлар менен иш алып барууда. Ошондуктан айрым дары каражаттарына таңкыстык дагы деле болууда жана кымбат саткан учурлар кездешүүдө», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга дары-дармекке байланыштуу маселени көзөмөлгө алуу боюнча катуу талап койду.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн