Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Медициналык кызматкерлердин компенсациясы көбөйдү. Төлөмдөрдүн өлчөмү кандай?

31.07.2020 16:03
1047
Медициналык кызматкерлердин компенсациясы көбөйдү. Төлөмдөрдүн өлчөмү кандай?


Дарыгерлерге кошумча төлөнүүчү акынын механизми 4 категориядан турат. Азыркы учурда бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады, деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.


Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин 14 күн обсервацияда болуу мөөнөтү кайра каралып чыгып 7 күнгө чейин кыскарган. Ал эми бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөй 900 сом бойдон калууда.


Биринчи категория: Казармалык режимде иштеген кызматкерлерге (жугуштуу оорулар бөлүмү, ПИТ бөлүмү, реанимация, вирусологиялык лабораториялар, обсерваторлор, мобилдик бригадалар) бир сутка үчүн төлөмдөр жаңы механизм боюнча төмөнкүдөй:

Дарыгерлер – 3000 сом (30%га көбөйдү), орто медперсонал – 2500 сом (25%га көбөйдү), кенже медперсонал ТОП жана МОП – 2200 сом (22%га көбөйдү). Ошондой эле бул категориядагы медкызматкерлерге обсервацияда жатканыдыгы үчүн 900 сом төлөнөт. Анын өлчөмү 7 күн үчүн 6 300 сомду түзөт. 


Экинчи категория: Адаттагыдай режимде иштеген медкызматкерлерге (убактылуу түзүлгөн жерлерде, лабораториялар, СКП, блокпосттор, обсервация, мобилдик бригадалар) иштеген 1 сааты үчүн төлөмдөр:

Дарыгерлер, АУП – 130 сом, орто медперсонал –120 сом, кенже медперсонал ТОП жана МОП - 100 сом. 


Үчүнчү категория: Тез жардам кызматында иштегендерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир адамды жеткиргени үчүн төлөнөт: 

Дарыгерлер, АУП – 750 сом, орто медперсонал – 600 сом, кенже медперсонал ТОП жана МОП – 500 сом. 


Төртүнчү категория: Моргдо иштеген медкызматкерлерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир өлүктү сойгондугу үчүн төлөнөт: 

Дарыгерлер, АУП – 1250 сом, орто медперсонал – 1000 сом, кичи медперсонал ТОП жана МОП – 800 сом.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн