Тогуздун айы 26, 2024
Убакыт: 04:26
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Медициналык кызматкерлерге социалдык шаарча куруу сунушталды

11.06.2020 12:59
1215
Медициналык кызматкерлерге социалдык шаарча куруу сунушталды


Медициналык кызматкерлер үчүн социалдык шаарча куруу керек, деп билдирди Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева.


Анын айтымында, бюджеттин таңсыздыгына карабай, медициналык кызматкерлердин маянасын дагы жогорулатуу керек. 


"Социалдык шаарчалар ар кандай фонддор тарабынан курулат, биз аны эске алуу менен медициналык кызматкерлерге социалдык шаарчаларды куруу маселесин эске алышыбыз керек. Пандемия учурунда дарыгерлердин эмгеги зор экенин көпчүлүк көрдү. Азыр мугалимдер менен медициналык кызматкерлерге ипотека иштелип чыкканы менен бул жетишсиз болуп жатат. 2-3 миң сом алган медиктер менен мугалимдер ипотека ала алышпайт", - деди вице-спикер. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн