Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Медициналык окуу жайда иштеген мугалимдер менен студенттер ишке тартылды

29.06.2020 15:14
1031
Медициналык окуу жайда иштеген мугалимдер менен студенттер ишке тартылды


Медициналык окуу жайда иштеген мугалимдер менен ординатор студенттер ишке тартылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.


“Жогорку окуу жайлардын ректорлору менен Өкмөт башчы жолугуп, буга чейин иштеп кеткен, учурда жогорку окуу жайда сабак берген мугалимдерди жана жогорку курстарда окуп жаткан ординаторлорду ишке тарттык. Себеби илдетти жуктуруп алган медицина кызматкерлери дарттан сакайып келгиче бир топ убакыт өтүп кетип жатат. Жумушка тартылгандар тез жардам кызматына жана башка керектүү жерлерде иштейт. Арасында өз сунушу менен ыктыярчы болуп келгендер да бар. Аларга айлык-акы башка кызматкерлердин нормасында төлөнөт”, - деди Министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн