Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Медициналык окуу жайларды Пакистандын "кара тизмесинен" чыгаруу аракети талкууланды

17.02.2021 09:22
931
Медициналык окуу жайларды Пакистандын "кара тизмесинен" чыгаруу аракети талкууланды

2021-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган өлкөнүн билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, баарлашуунун жүрүшүндө тараптар орто жана жогорку билим берүү, кесиптик билим берүү, эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Пакистан студенттеринин Кыргызстанда окутуу үчүн шарттарды жакшыртуу маселелерин жана Кыргыз Республикасынын медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу жолдорун талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн