Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Медициналык таштандылар 5-6 саатта толугу менен жок кылынат (видео)

28.07.2020 13:16
608
Медициналык таштандылар 5-6 саатта толугу менен жок кылынат (видео)

 

Медициналык таштандылар 5-6 саатта толугу менен жок кылынат. Бул тууралуу медициналык таштандыларды жок кылуучу ЭкоКомплекс” компаниясынын жетекчиси Нурлан Жумалиев билдирди.


Анын айтымында, бир күндө аппараттын жардамы менен 10 тоннага чейин таштанды жок кылынат.


“Биз медициналык таштандыларды жок кылуучу жалгыз компаниябыз. Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин таштандылары биздин ишкана аркылуу жок кылынат. Мурдагы Ганси авиа базасында жайгашкан “Семетей” обсервациясынан медициналык таштандылар күнүнө эки ирет алынып чыгат. Биздин кызматкерлер таштандыларды атайын түзүлгөн график менен алып чыгышат. Калдыктар химиялык жол менен ысытылып, жогорку деңгээлге жеткенде химиялык процесс жүрөт. таштандылар 5-6 саатта толугу менен жок кылынат. Учурда бир күндө 10 тоннага чейин таштандыларды жок кыла алабыз”, - деген Жумалиев.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн