Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Медициналык жабдууларды ташып келүүнүн алгоритми иштелип чыкты

07.08.2020 13:46
1145
Медициналык жабдууларды ташып келүүнүн алгоритми иштелип чыкты


Жеке жана юридикалык жактардын медициналык мекемелерге жана калкка кайтарымсыз жардам көрсөтүү максатында медициналык каражаттарды жана жабдууларды Кыргызстандын аймагына ташып келүүсү боюнча алгоритм иштелип чыкты. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Экономика министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте үчүнчү мамлекеттерден жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден өлкө аймагына алынып келген медициналык буюмдарды жана жабдууларды каттоо боюнча баскычтуу алгоритм иштеп чыкты.

Көрсөтүлгөн алгоритмде ЕАЭБдин Бажы кодексинин 253-беренесине ылайык, атайын бажы жол-жобосу боюнча медициналык багыттагы буюмдарды жана жабдууларды (өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттар, пульсоксиметрлер, кычкылтек концентраторлору, жеке коргоо каражаттары) ташып келүү боюнча каралган. Иштелип чыккан тартипке ылайык медициналык каражаттарга жана жабдууларга бажы алымы алынбайт жана кошумча нарк салыгы салынбайт.

Белгилей кетсек, алгоритм өзгөчө кырдаалдар режими маалында күчүндө болот. 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн