Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Медкызматкерлерге 1000 коргоочу атайын костюмдар берилди (фото)

25.04.2020 13:41
926
Медкызматкерлерге 1000 коргоочу атайын костюмдар берилди (фото)


Медкызматкерлерге 1000 коргоочу атайын костюмдар берилди. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.  


Маалыматка ылайык, коронавируска каршы күрөшүүдө "Апаатка такаат" соцдолбоордун алкагында уюшулган ишкерлердин JIA Бизнес-ассоциациясы "Элим, барсынбы?" фонду менен биргеликте медиктерге 1000 коргонуучу костюм (ЖКК) беришкен. 


Костюмдар Кытайда даярдалган, алар бардык стандарттарга жооп берет жана сапат тастыктамасы бар. Топтомго: беткап, көз айнек, костюм, бахила жана кол кап кирет.


Буларды сатып алуу үчүн ишкерлерден 2 млн сом чогултулган. ЖКК республиканын бардык медициналык мекемелери боюнча бөлүштүрүлөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн