Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Мээ шишигинен жабыркаган жалгыз бой эне Ж.Отунчиеванын операциясына жардам берилди

11.09.2020 12:36
1049
Мээ шишигинен жабыркаган жалгыз бой эне Ж.Отунчиеванын операциясына жардам берилди


Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик айылында мээ шишигинен жабыркап келген Жылдыз Отунчиевага жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 3 баланы жалгыз тарбиялап жаткан Жылдыз Отунчиева учурда чет өлкөдөн операция кылдырууга муктаж. Ага ири суммадагы каражат талап кылынгандыгына байланыштуу, ал Чүй казыятына кайрылган.


"Чүй облусунун мусулмандар казыяты имамдарга кайрылуу жолдоп, жардам көрсөтүүнү суранган. Облустагы кайрымдуу жарандардын жардамы менен 83 000 сом топтолуп, аны Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов бейтаптын үйүнө барып, тапшырды", - деп айтылат маалыматта.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн