Теке 09, 2025
Убакыт: 14:22
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.113
1.135

Мээни эс алууга гана пайдалансаң – ал боткого айланып калат

09.07.2025 09:54
21
Мээни эс алууга гана пайдалансаң – ал боткого айланып калат


Бекерчилик – эс алуу эмес.

(Фенумор Купер)


Эс алуу – баардык улуу ойлордун жаратуучусу.

(Йозеф Геббелс)


Кээде адам өзүнөн өзү да эс алышы керек.

(Макс Фрай)


Мен картайганда, каалаган максатарыма жеткенде гана эс алам.

(Ева Лонгория)


Мезгил-мезгили менен бекерчиликтен эс алып туруш керек.

(Жан Кокто)


Эс алуу – бул ырахаттанып иштөө.

(Соня Шаталова)


Эгер фонтаның болсо жаап кой: эс алсын байкуш.

(Козьма Прудков)


Керебет – бул бир адам жатканда эс алып, экөө кошулганда чарчай турган жер.

(Андре Прево)


Пенсия – бул сен иштей ала турган кезде таңууланган эс алуу.

(Жорж Элгози)


Согуш жүрүп жатса да убагында эс алыш керек.

(Татьяна Устименко)


Мен иштеп жатканда эс алам, бекер отурганда, же конок күткөндө чарчайм.

(Пабло Пиккасо)


Ал эс алууга ушунчалык муктаж болгондуктан, тагдыр анын бутун сындырууга арасыз кылды.

(Мэри Энн Шеффер)


Жумушка барып эс албасам болбой калды.

(Вячеслав Солдатенко)


Чарчасаң, эс ал. Бирок, анда сен эч качан биринчи боло албайсың.

(Че Гевара)


Араба кышында, чана жайында эс алат. Ат гана эч качан эс албайт.

(Еврей накылы)


Күчүңдү калыбына келтириш үчүн кечки эс алууга гана токтош керек. Токтогон турмуш – бул өлүм.

(Ромен Роллан)


Күн тийип турганда эс алуу тууралуу ойлобош керек.

(Джером Клапка Джером)


Чыныгы, жападан-жалгыз эс алуу – бул биз энебиздин курсагында өткөргөн тогуз ай.

(Фредерик Дар)


Адам дене күчүн калыбына келтириш үчүн гана эмес, интеллектуалдык жактан өсүш үчүн да эс алышы керек.

(Аллан Кардек)


Алар сүйүүдөн эс алгылары келгенде күйөөсү көзүн жумуп, аялы болсо кулагын жапчу.

(Стас Янковский)


Эс алуу – бул кыжалат, сарсанаа болууну токтотуу.

(Амброз Бирс)


Мээни эс алууга гана пайдалансаң – ал боткого айланып калат.

(Георгий Зотов)


Эс алуу эмгек бар үчүн ширин.

(Уильям Эллери Ченнинг)


Күн чыкканда күнгө кактан, ай чыкканда айга кактан.

(Ху Тао)


Эс алганды билбеген иштегенди деле билбейт.

(Кытай накылы)


Адамдар мезгил-мезгили менен жашоодон эс алып туруулары керек.

(Станислав Ежи Лец)


Ибадат кыйын нерсе. Бирок ибадат кылганды үйрөнсөң, ал эң сонун эс алууга айланат.

(Архимандрит Андрей (Конанос)


Чөпкө оонап жатсаң дүйнөнүн жүрөгүнүн дүкүлдөгөнүн угасың.

(Гань Юй)


Эгер жаман ойлорду ойлосоң, жакшы эс ала албайсың.

(Юрий Зарожный)


Эр жигит иштегенде сүйүнөт, бекер болгондо чарчайт.

(Казак накылы)


Бут чарчаганда баш эс алат. Сен башыңды эс алдырышың керек.

(Мария Фариса)


Жүрөк – бул демалышсыз иштеген жападан-жалгыз мотор.

(Аристарх Ромашин)


Демалыш адамга күчтүү болуш үчүн керек.

(Иван Ефремов)


Эс алганда баш бош болуш керек.

(Тамара Крюкова)


Жакшы эс алыш үчүн да чоң эмгек керек.

(Евгений Кащеев)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн