MegaCom уюлдук оператору компаниянын 15 жылдыгын белгилөөдөн баш тартып, үнөмдөлгөн каражатты Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынын ЛОР бөлүмүн оңдоого жумшады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.
Салтанаттуу иш-чарага "Альфа Телекомдун" башкы директору Азат Базаркулов жаңыланган бөлүмдү Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге, мекемелер аралык жамаатка тапшырды.
Компаниянын эсебинен жаңы терезе жана эшиктер орнотулду, сантехника алмаштырылды, палаталар менен дарылоо бөлмөлөрү жасалгаланды. Ошондой эле, иштин жүрүшүндө пол жаңыртылып, электр зымдары алмаштырылган.
Компаниянын жардамы үчүн Алымкадыр Бейшеналиев Азат Базаркуловго терең ыраазычылык билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн