Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жарандарды көкүрөгүнө өлкөнүн туусун тагып жүрүүнү сунуштады.
Анын айтымында, мындай кадам жаштардын мекенчилдигине көбүрөөк таасир этет.
«Ар бирибиз балдардын аң-сезимине улуттук символикаларга, анын ичинде элибиздин тарыхын жана келечегинин чагылдырылышы катары тууга болгон сый-урмат, сыймыктануу, сүйүү жана берилгендик сезимдерин ойготуубуз керек», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн