Эл аралык республикалык институт (МРИ) Кыргызстандагы саясий партиялар боюнча сурамжылоо жүргүзүп, анын натыйжасында “Мекенчил” жана “Биримдик” эң белгилүү партиялардын сап башына чыкты. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
Анда айтылгандай, сурамжылоого катышкандардын 44 пайызы “Мекенчил” партиясын, 41 пайызы “Биримдик” партиясын тааный турганын билдирген. Андан кийин 31 пайыз респонденттер “Ата Мекен”, 28 %ы “Мекеним Кыргызстан”, 26 пайызы “Республика” партиясын жакындан биле турганын айткан. Бул иликтөөдө эң акыркы орунда “Ар-Намыс” партиясы калган.
Пикирлер (1)