Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

«Мекенчилдин» лидерлеринин айынан анын карапайым мүчөлөрү жабыр тартабы?

24.02.2021 09:51
721
«Мекенчилдин» лидерлеринин айынан анын карапайым мүчөлөрү жабыр тартабы?

11-апрелге жергиликтүү кеңештердин шайлоосу белгиленди. Учурда бул шайлоого катышуу үчүн партиялар БШКга арыз менен кайрылып, катталып жаткан учур. Бирок, бул жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна жана андан кийин өтүшү керек болгон парламенттик шайлоого да «Мекенчил» партиясы катышпай турганын аталган партиянын өкүлү Адинай Марипова социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу коомчулукка билдирди.


Албетте, түшүнүп турабыз, «бийлик административдик ресурсту колдонбой турганын өз партиясын шайлоого катыштырбай турганы менен далилдеп жатат» деген түшүнүктү пайда кылуу аракети болуп жатат. Себеби, бул партиянын негиздөөчүсү учурдагы мамлекет башчысы Садыр Жапаров экенин коомчулук билет. Аны өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо азыркы УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жетектеп барган.


Эми ал партиянын алдыдагы шайлоолорго катышпай турганына бийликтин партиясы болгону үчүн деген негиз болуп жатса, анда туура эмес. Ушундан эле бизде дагы деле партиялык система калыптана элек экендигин сезебиз. Партиянын жетекчилери жогорку мамлекеттик кызматтарга барды дейли, ал эми анын катардагы мүчөлөрү эмне болот? Же алардын укуктары тебеленип кала береби? Алар дагы партиянын ысык-суугуна чогуу күйүп, чогуу тоңуп жүрүшкөнүн унутпаш керек. Алар дагы жергиликтүү кеңештерде, Жогорку Кеңеште мандат алып, өз билимдерин, тажрыйбаларын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жумшаганга кызыкдар да. Же андай эмеспи?


Экинчиден, бизде шайлоолордун алдында эле партиядан партияга секирик жасай бермей өнөкөтү бар. Кайсыл партиянын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болсо, ошол партиянын тизмесине кирип калуу үчүн каражаттарынын көтөрүнүп алып чуркагандар көп эле болот. Демек, эми бул ирет «Мекенчил» партиясынын бир катар мүчөлөрүн шайлоолорго катыша турган башка партиялардын катарынан көрө турганыбыз бышык. Ошондо алар партиянын максатын, позициясын, принциптерин депутаттык мандат үчүн алмаштырып жиберишкен болобу?


Мындай жол жөн гана элди алдоо болуп калат. Партия катышпайт, бирок партиянын мүчөлөрү башка партиялар менен шайлоого аттанат деген көрүнүш туура эмес. Андан көрө «Мекенчил» партиясы өзү шайлоого катышып, эч кандай административдик ресурсту да, башканы да колдонбостон, ишеним арткан добушту алып, жергиликтүү кеңештерге да, парламентке да келгени оң. Бул партиянын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештерде да, парламентте да отуруп, өздөрүнүн бир нече жылдан бери түзүп, кайра-кайра тактап, аныктап келаткан программаларын ишке ашыргандары туура. Административдик ресурстун колдонулганы, же колдонулбаганы өзү эле билинип калат.


Эгерде бул жолу «Мекенчил» партиясы шайлоолорго катышпай, мүчөлөрү башка партиялардын короосуна тарап-тарап кирип кетише турган болсо, анда партиянын иши токтоду дегенди түшүндүрөт. Ошондо бизде кантип туруктуу, позициясын өзгөртпөгөн, узак жылдарга пландарын түзгөн партиялар калыптанат?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн