Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

«Мекеним Кыргызстан» партиясы «Ынтымак» партиясына «айланган» эмеспи?

16.03.2021 13:50
783
«Мекеним Кыргызстан» партиясы «Ынтымак» партиясына «айланган» эмеспи?


«Демилге, эмгек, натыйжа» аттуу ураан менен Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна аттанган «Ынтымак» партиясы башка партиялардан айырмаланып, пиар жүрүшүн кеңири жасап жатканына күбөбүз. Алдын-ала божомолдоолор боюнча да шаардык кеңешке алдыңкы сапта келе турган партиялардын бири болуп турат. Андыктан аталган партиянын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына кимдер талапкер болуп жатканы жана кандай программа менен аттанып жатышканы шаардыктар үчүн кызык болсо керек.


Партиянын бүгүнкү күндөгү лидери Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Партия негизи 2012-жылы уюшулганы менен «уйкуда жаткан» саясий уюмдардын катарында болгон. Мурдагы төрагасы жана негиздөөчүсү Максатбек Калбаев аттуу жаран болгон. Ал азыркы тапта ден соолугунан олуттуу маселе жаралып, партияны башкарууну Маматалиевге өткөрүп бергени белгилүү болгон. Ал эми М. Маматалиев өзү өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын туусунун алдында талапкер болуп аттанган.


Бишкек шаардык кеңешине партиянын 71 талапкери катталган. Алардын арасында бизнесмендери, учурдагы шаардык кеңештин депутаттары бар. Анан дагы 36 талапкери учурда жумушсуздардын катарын толуктай турганы көрсөтүлгөн.


Тизмени Айбек Кыштобаев жетектейт. АКШда жана Кытайда окуп келген. Лос Анджелестеги Бүткүл дүйнөлүк Азиялык кинофестивалдын директорлор кеңешинин мүчөсү. «Спорт Арт Строй» ЖЧКсынын башкы директору. Албетте, тизмени жетектегенге татыктуу талапкер экени көрүнүп турат. Бирок, ошол эле тизменин үчүнчү жана төртүнчү сабында Жогорку Кеңештин депутаты (уялчаак) Камчыбек Жолдошбаевдин кланы келатканын байкайсыз. Тактап айтсак, 3-орунда Камчыбек мырзанын кызы Наргиза Жолдошбаева, 4-орунда бир тууганы Таалайбек Сариев турат. Эске сала кетсек, Таалайбек Сариев дагы өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан ат салышкан.


Мындан сырткары дагы «Мекеним Кыргызстан» оогондор – Максат Алымбеков, Олег Попиков, Бешболуш Матисаков бар.


«Ынтымак» партиясына мурда «Ата Мекен», «Республика - Ата Журт», «Мекенчил», «Ар-Намыс», «Өнүгүү-Прогресс» сыяктуу партиялардын катарында жүргөндөрдөн да келип кошулган. Башынан эле ушул «Ынтымак» партиясынын ишмердүүлүгүн алдыга тартып жүргөн деп айта турган бири жок.


Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, талапкерлердин арасында бир катар курулуш компанияларынын негиздөөчүлөрү кездешет. Ал эми борбор калаанын ичинде көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин алууга шаардык кеңештин депутаты болуу алдаканча жакшы жеңилдик берери турган иш.


Партиянын программасы албетте дурус жазылган. Бишкектеги инвестициялык климатты, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу, шаардын калктуу конуштарынын көйгөйлөрүн чечүү, акылдуу аялдамаларды пайда кылуу, муниципалитеттердин ишин жакшыртуу, 1999-жылга чейин жана андан кийин түшкөн жеке турак жай курулуштарын мыйзамдаштыруу, шаардын бюджетин туура пайдалануу, коомдук транспорттордун абалын жакшыртуу, муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу сыяктуу бир катар долбоорлору жазылган.


Бирок, мына ушундай долбоорлор, программалар шайлоо алдыларында эле жазыла калып, андан кийин дайыма эле унутта кала берерин тарыхыбыз тастыктап келатат. Анын үстүнө ар кошкон партиялардан куралган жаңы партиянын депутаттары шаардык кеңешке барганда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара алышабы деген да суроо бар. Улам жаңы шайлоо болгон сайын партиясынын аталышын өзгөртүп чыга бергендер мурунку берген убадаларын унутуп, кайра жаъысын айта беришээрине деле күбө болуп келатабыз. Мындай алдоолор жана алданууларга эми жол берилбеши керек. «Ынтымак» партиясы шаардык кеңешке келсе, анда анын депутаттарынан өздөрүнүн программасында көрсөтүлгөн долбоорлорунун ар биринин аткарылышын талап кылуу зарыл. Ошондо гана партиялар убаданы гана берип, ал эми аны аткарууну унутуп калууну унутушат.


Сагынбек Сатыкеев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн