Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери администрациялык жоопкерчиликке тартылат

15.09.2020 15:14
992
“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери администрациялык жоопкерчиликке тартылат


“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы блдирди. 


Маалыматка караганда, БШКнын 14-сентябрындагы жыйналышында Д.З.Жусупов аттуу жарандын арызы каралды. Анда ал саясий партиялардын мыйзамга каршы үгүт жүргүзүү маселесин карап, тийиштүү чара көрүүнү өтүнгөн.


Арыз ээси “Мекеним Кыргызстан” партиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 2-пунктун бузуу орун алган деп эсептейт.  Ошондой эле арыз ээси ырчы кыздын жаш курагын териштирип, баа берүү зарыл экендигин көрсөткөн.


БШК жыйналышында талапкер К.Исмамбетовдун маалыматы угулду, ал шайлоочулар менен жолугушууда ага билгизбей туруп музыкалык аткарууга жол берилгенин, аны ал токтотконун мойнуна алды. Жумушчу топ БШКга “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына жазуу жүзүндө эскертүү берүүнү сунуш кылды.


БШК материалдарды карап чыгып, тараптардын жүйөлөрүн угуп, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына эскертүү бербөө, бирок “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер К.Исмамбетовду үгүттөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренеси боюнча администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим чыгарды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн