Теке 27, 2024
Убакыт: 10:17
USD
EUR
RUB

Мекетептердеги китеп көйгөйүнө ата-энелер өздөрү күнөөлүү, - аткаминер

07.09.2023 18:11
796
Мекетептердеги китеп көйгөйүнө ата-энелер өздөрү күнөөлүү, - аткаминер


«Окуу жылы башталаар алдында ата-энелердин баары бир убакта окуу китептери менен кызыгып, ызы-чуу болуп жатат», - дейт Билим берүү министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов. 


Анын айтымында, бүгүнкү күндө мектептерде окуу китептеринин үчтөн бирине жакыны жок. Көбүнчө башталгыч класстардагы жана орус тилинде окуткан класстарда. Себеби бул категориядагы мектеп окуучулары үчүн окуу китептери бир нече жылдан бери басылбай келет.


Ошол эле маалда чиновник китептердин жетишсиздигинен улам пайда болгон чуу үчүн жоопкерчиликти ата-энелерге жүктөдү. Ал белгилегендей, мындай көрүнүш Кыргызстан үчүн салтка айланган.


«Бул жыл сайын кайталанат. Ата-энелер балдары үчүн китептерди окуу жылы башталаар алдында гана сатып алышат. Ал эми калган убакта окуу китептерин сатып алуу, камсыздоо маселеси аларды кызыктырбайт. Кемчилик жок деп айтууга болбойт, анткени окуу китептеринин жетишсиздиги чыныгы көйгөй. Министрлик аны чечүүнүн үстүндө иштеп жатат», - деди Кыялбек Акматов.


Ал окуу китептерин базарда сатууга Билим берүү министрлигинин эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Бул китептер бир нече жылдан бери жарык көрө элек. Бирок “кимдир бирөөлөр көчүрүп басып чыгарат”.


«Жасалмачылык менен күрөшүү үчүн биз бардык расмий окуу китептерин PDF форматына которуп, расмий сайттарга жайгаштырдык. Контрафакт менен күрөшүү Билим берүү министрлигинин компетенциясына кирбейт. Муну укук коргоо органдары жасашы керек. Ошондой эле кайсы автордун же басмакананын окуу китептерин сатууга болорун көрсөтө албайбыз», - деп жыйынтыктады Кыялбек Акматов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн