Бугу 11, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мексикада 3 эм коронавирус менен төрөлдү

23.06.2020 17:58
1045
Мексикада 3 эм коронавирус менен төрөлдү

 

Мексикада жаңы төрөлгөн үч эмден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Учурда дарыгерлер илдет балдарга апасы кош бойлуу кезинде жукканын аныктоодо. Себеби буга чейин көп бала төрөгөн учурда коронавирус катталган эмес, ошондуктан бул учур иликтөөгө алынары айтылат.


Эки ымыркай, кыз жана баланын абалы туруктуу экени, алар Сан-Луис-Потоси штатындагы бейтапканада жатканы айтылат. Экинчи баланы болсо дарылап жатканы кабарланат.


Учурда балдардын ата-энеси коронавируска тесттен өтүүдө. Бийлик өкүлдөрүнүн пикири боюнча, алар коронавирусту белгиси жок алып жүрүшү ыктымал.


Мексикада коронавирус инфекциясынын 185 миңден ашык учуру катталып, 22 584 бейтап каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн