Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:41
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мексикада 7,7 баллдык жер силкинүү катталды

24.06.2020 11:29
1121
Мексикада 7,7 баллдык жер силкинүү катталды


Кечээ, 23-июнда эртең менен Мексикада күчтүү жер силкинүүсү катталгандыгын Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы (USGS) кабарлады. Маалыматка караганда, жер титирөөнүн магнитудасы 7,7 баллды түзүп, жер алдындагы эпицентри Оахака штатынын булуң жээктеринде 33 километр тереңдикте болду.


Reuters агенттиги мындай кубаттуулуктагы силкинүүлөр кыйраткыч күчкө ээ, андыктан залакасы катастрофалуу болушу мүмкүн деп билдирди.


Аталган штатта 6 адамдын мерт болгондугу жана 30дай кишинин жаракат алгандыгы айтылууда. 3 федералдык жана 5 регионалдык автомагистралдарды жер көчкү басып, 500дөн ашык имарат жабыр тартты.


Улуттук сейсмология кызматы кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.30га чейин 447 кайталап силкинүүнү каттады.


РИА “Новостинин” маалыматы боюнча силкинүүлөр өлкөнүн Чиапас, Герреро, Морелос, Табаско, Веракрус, Пуэбла, Мичоакан, Тласкала, Идальго сыяктуу 11 штатында сезилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн