Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 21:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мексикада түрмөдө чатак чыгып, 8 адам каза болду

23.05.2020 15:51
867
Мексикада түрмөдө чатак чыгып, 8 адам каза болду


Мексиканын Халиско штатындагы абакта тополоң чыгып, эркинен ажыратылган 8 адам каза болуп, дагы сегизи жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, уруш Пуэнте-Гранде федералдык абагында чыккан. Түрмөдө жаткан 8 адам алган жаракаттарынан көз жумуп, дагы сегизи бейтапканага жаткырылды.


Ал эми пикир келишпестик бейсбол ойноп жаткан учурда жаралганын, абалды бир нече эркинен ажыратылгандар колдонуп, башка адамдарга кол салганга жетишкени айтылат.


Мындан сырткары, учурда беш адам кармалып, прокуратура окуя тууралуу иликтөө жүргузүп баштаганы кабарланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн