Бугу 06, 2024
Убакыт: 23:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Мектеп директорлору вице-мэрге отчет жана текшерүүлөрдүн көптүгүн айтып арызданышты

10.08.2020 09:10
1121
Мектеп директорлору вице-мэрге отчет жана текшерүүлөрдүн көптүгүн айтып арызданышты


Бишкек шаардык мэриясынын социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева мектеп жана бала бакчалардын директорлору менен жолугушууну улантууда, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.


Бул жолу Биринчи май районунун билим берүү мекемелеринин жетекчилери, билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева, райондун акиминин орун басары Аида Рысбаева билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулашты.

Жолугушууда мектеп, бала бакчалардын толуп калуусу, орундардын аздыгы жана башка көйгөйлөр айтылды. Шаардын мектептери 14 миң 512 окуучуга ылайыкташтырылган, бирок учурда калаада билим алган окуучулар 2-3 эсе көп болуп жатат. Бала бакчаларда дагы ушундай эле көйгөй.


Райондун аймагында 21 мектеп, 15 бала бакча жана 1 балдар чыгармачылык борбору иштейт.


Вице-мэр ар бир директорго мугалимдердин саламаттыгы боюнча карта түзүү керектигин билдирди.

Райондун мугалимдери вице-мэрге акыркы учурларда текшерүүлөрдүн жана отчеттордун көптүгүн айтып, арызданышты. Вице-мэр Виктория Мозгачева директорлорго жардам берерин, адам ресурстарын жана убактты үнөмдөө үчүн санарип форматка өтүү маанилүү экендигин билдирди.

Буга чейин вице-мэр Октябрь, Свердлов жана Ленин райондорунун мектептеринин директорлору менен жолугушуу өткөргөн.

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн