Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мектеп окуучуларынан коронавирус аныкталды

14.01.2021 09:49
576
Мектеп окуучуларынан коронавирус аныкталды

Мектеп окуучулары коронавирусту мектептен эмес, үй-бүлөсүнөн жугузган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова түз эфирде билдирди.


Анын айтымында, ачылган мектептерде бардык санитардык нормалар сакталган.


"Эгер окуучулардын үй-бүлөсүндө вирус жугузгандар бар болсо, биз ал балдарды онлайн форматта окутабыз. Эгер ата-энелер балдарды мектепке жөнөткүсү келбесе мектептин жетекчилиги менен келишим түзүүсү керек" ,- деди Жусупбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн