Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы качан өтөрү айтылды

28.01.2021 09:49
801
Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы качан өтөрү айтылды

КР Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептердеги окуу процесси аралыктан жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан коюлган чектөөлөрдү эске алып, министрлик кырдаал турукташканга чейин олимпиада өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жана окуучуларга олимпиадага даярданууга кошумча убакыт берүү чечими чыгарылган.

Учурда министрлик Республикалык олимпиаданын II жана III этаптары үчүн бардык предметтер боюнча олимпиадалык тапшырмаларды иштеп чыгуучу көз карандысыз уюмду тартуу үчүн тендер жарыялады.

Тендер аяктагандан кийин Республикалык олимпиаданын II, III жана IV этаптарын өткөрүү мөөнөттөрү белгиленет, олимпиада 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 1310/1 буйругу менен бекитилген мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт, бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша олимпиаданы өткөрүү форматына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Республикалык олимпиада жөнүндө маалымат министрликтин сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кошумча жайгаштырылат.

Эскерте кетсек, Олимпиаданын I (мектеп) баскычы ноябрь айында болуп өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн